мыктыбек мамасалиев биография ак аюу
Мамасалиев Мыктыбек Абдимиталипович — биография
Родился 31 мая 1989 года в селе Шанкол Ноокатского района Ошской области. Его отец Абдимиталип и мать Халтажи Мамасалиевы воспитали и вырастили девятерых детей (шесть дочерей и три сына). Мыктыбек — младший в семье.
1995-2006 — учился в Шанкольской средней школе
2006-2011 — учеба в Ошском государственном университете на педагогическом факультете
С 2013 года получает образование в Кыргызской государственной юридической академии.
дважды чемпион Кыргызстана по боксу
2010 — звание мастера спорта по боксу
2008 — чемпион Евразии по ММА
2014 — дважды победитель турнира «Alash Pride», проводившегося в Казахстане (промежуток между поединками — 4 дня)
2015 — чемпион мира в ММА по версии WMMAF на соревнованиях в Молдове
2015 — обладатель кубка турнира «Дружба народов» в Москве
2015 — победитель турнира JFC MMA
2015-2016 — победитель WEF Global 3, 4
2016 — дважды победитель турнира «Alash Pride» в Казахстане
2017 — победитель международного турнира AFC «Охотники за головами» в Екатеринбурге.
В спортивном мире известен как Ак Аюу (Белый Медведь).
Рост — 185 сантиметров.
Вес — 93 килограмма.
Показатели на мировом портале Sherdog 10-2-0.
Член спортивного клуба «Жаш куч», его тренеры — Замир Сыргабаев, Дуйшон Торокулов, Акжол Ажибеков.
Вне спорта занимается предпринимательством.
Мамасалиев Мыктыбек Абдимиталипович — өмүр баяны
Мыктыбек Мамасалиев 1989-жылы 31-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Атасы Абдимиталип жана апасы Халтажи Мамасалиевдер тогуз баланын ата-энеси (алты кыз, үч уул). Мыктыбек — үйдүн кенжеси.
— 1995-2006-жылдары Шаңкол орто мектебинде билим алган;
— 2006-2011 жылдары Ош мамлекеттик университенин педагогикалык факультетинде окуган;
— 2013-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алып келет.
— Бокс боюнча КРдин эки жолку чемпиону;
— 2010-жылы бокс боюнча спорт чебери;
— 2008-жылы ММА боюнча Евразия мелдешинде чемпион;
— 2014-жылы Казакстанда өткөн «Alash Pride» турниринин эки жолку жеңүүчүсү (эки беттештин аралыгы төрт күндөн);
— 2015-жылы Молдовада өткөн ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиону;
— 2015-жылы Москва шаарында өткөн «Элдердин достугу» турниринде кубоктун жеңүүчүсү;
— 2015-жылы өткөн JFC ММА турниринин жеңүүчүсү;
— 2015-2016-жылдары WEF Global 3,4 турнирлеринин жеңүүчүсү;
— 2016-жылы Казакстанда өткөн «Alash Pride» турниринин эки жолку жеңүүчүсү;
— 2017-жылы Екатеринбургда өткөн AFC «Охотники за головами» эл аралык турниринин жеңүүчүсү.
Спорттогу каймана аты — Ак аюу.
Бою — 185 сантиметр.
Салмагы — 93 килограмм.
Дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү 10-2-0.
«Жаш күч» спорт клубунун мүчөсү, машыктыруучулары — Замир Сыргабаев, Дүйшөн Төрөкулов, Акжол Ажибеков.
«Ак аюу» Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
27 жаштагы Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында «Ак аюу» каймана аты менен белгилүү. Ал атаандаштарын көпкө кармабай нокаутка кетирген сапаты менен эсте калат.
Спортчу алгач бокс боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Евразия мелдешинин башкы жеңүүчүсү аталган. 2015-жылы ММА спортуна өтүп, ошол эле жылы дүйнө чемпионун багындырган. Учурда «Жаш күч» спорт клубунун курамында, машыктыруучусу Замир Сыргабаев. Мамасалиев журналист Гүлдана Талантбековага каймана атынын чечмеленишинен тарта жеңиши жана жеңилиши тууралуу айтып берди.
Адатта спортчулар аз сүйлөй турганы маалым. Ойлонуп-толгонуп жатып, сөзүңдүн баарын жыйнап суроо берсең, «ооба» же «жок» деген жооп узатат. Бирок спортчулардын жакшы жери — эч кандай жасалмалуулук жок, болгонун болгондой айтып салышат.
— Сизди «Ак аюу» деген каймана ат менен көбүрөөк тааныйбыз. Мындай ысымдарды, негизи эле каймана атты спортчунун эмнесине карап беришет?
— Маселен, спортчулар «карышкыр», «жырткыч», «кабылан», «өрт» деген бир башкача ысымдарды коюп алышат. Ал канчалык бир деңгээлде силерге таасирин тийгизеби?
— Каймана ат менен чыгуу спортчуларга сүр берет деп айтышат. Бирок мунун баары жеке каалооңдон көз каранды. Башкача аттар мени да кызыктырат. Мисалы, казактарда «мысык» деген ысымды алып жүргөн спортчу бар.
— Спорт дүйнөсүндө канча убакыттан бери жүрөсүз?
— Бул дүйнөгө аралашып калышыма ыраматылык атам түрткү берген. Жаштайымда сыналгыдан мушташтарды көрүп, кызыгуум артты. 14 жашыман тарта бокс менен машыга баштадым.
— Каражаттын тартыштыгынан көбү спортту хобби катары карашат же убакыттын өтүшү менен башка жумушту аркалап кетишет. Сиздин спортко болгон мамилеңиз кандай?
— Мен спортту сүйөм, ал менин жашоом. Кошумча ишкерлик менен алектенем. Борбордогу Дене тарбия жана спорт академиясын бүткөм. Быйыл, буюрса, юридикалык академияны аяктайын деп турам.
— Беттеште ар ким ар түрдүү ыкма менен жеңишке жетет. Сиз көп учурда атаандаштарды көпкө кармабай эле нокаутка кетиресиз. Соккуларыңыз дагы катуу экени байкалып турат. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүзбү?
— Менин беттештерим бир эле раундга созулат. Эки мүнөттүн ичинде атаандашымды байкаштырып туруп, ыңгайы келгенде уруп салам. Бул балким өзгөчөлүктүр, балким спорттун ыкмасыдыр.
— Сиздин мушташ учурундагы виделоруңуз интернетте ачык эле жүрөт. Айрым спортчулар болочоктогу атаандаштар ыкмаларымды көрүп алып, ошого жараша бутага алышат деп жүктөшпөйт экен. Сиз бул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
— Мен андай нерселерден кооптонбойм. Көрүп даярданган учурда деле машыкканыңа жараша жыйынтыкка жетесиң. Атаандашың тууралуу укканда маалымат үчүн видеолорун көрүп койгон учурлар болот. Бул бардыгында эле колдоно турчу ыкма.
— Денеңиздин канча жеринде жаракат бар деп сурабай эле коеюн. Эң орчундуусун айтыңызчы?
— Сакалыңыздан улам дин жолундасызбы деген суроо туулат. Ошондой болсо ислам принцибинде мусулмандар бири-бирине физикалык жактан зыян келтирбейт, өзгөчө бетке чаппайт деп айтылат. А сиздердин ММА беттештерин сырттан көрүп эле эсиң чыгат?
— Диний китептерди окуп жатам. Буга чейин сиз айткандар боюнча көп кишиден сураштырдым. Албетте, ар кандай соккулар болот. Бирок беттеш эки спортчунун макудугунун негизинде, ортодо эч кандай нааразычылыгы жок жүрүзүлсө уруксат экен.
— Баарынын көздөгөнү эле жеңиш. Ичине кек сактап калсачы?
— Спортто кек сактоо деген болбошу керек. Тескерисинче, беттештен кийин кол алышып, дос болуп калууга аракет кылабыз.
— Спорттук карьераңызды жеке кызыкчылыктар үчүн жумшаган күндөр болду беле? Маселен, айрым көйгөйдү муштум менен чечип дегендей…
— Жаш кезде көчөдө көп урушчумун. Азыр андай убак өткөн. Конфликт жараткандан деле алыспыз, муштум деле көтөрбөйм. Акыркы жолу беттештен тышкары мушташканым эсимде жок.
— Бир күндө канча убакыт машыгасыз?
— Беттешке чукул төрт саат машыгып туруу жетиштүү. Мындай күндөрү эки саат машыгам. «Жаш күч» спорт клубундамын. Беттештерге мушкерлик боюнча Акжол Ажибеков даярдачу. 2014-жылы ММА өткөндөн бери Замир Сыргабаев жардам берип турат. Бишкекте жүргөндө өзүм эле машыгам, Ошко барганда Замир байке машыктырат.
— Дене-түзүлүшүңүз бир топ олбурлуу экен. Форманы сакташ үчүн эмне кыласыз же насилиңизден ушундайсызбы?
Азыр салмагым 100 килограмм. Беттешке эки күн калганда 93кө түшүрүп коем. Он күндүн ичинде салмакты түшүрүп же кошуп койсо болот. Биздин организм көнүп калган. Ал үчүн чуркап, көнүгүүлөр менен машыгып, майлуу, камыр тамактарды азайтып коебуз.
— Спортто дагы канча убакыт болоюн деген оюңуз бар?
«Ак аюу» Мамасалиев 30 жашта! Бүк түшүргөн нокауттар, жолтоо болгон жаракат. Видео
Мыктыбек Мамасалиев Кыргызстанды далайга тааныткан мушкер. Анын беттеш учурундагы нокауттары спорт сүйүүчүлөрдүн купулуна толуп, белгилүү болушуна жардам берген. Мыктыбекти каймана аты «Ак аюу» менен көбүрөөк билишет.
Ал «Жаш күч» клубунун тарбиялануучусу, октагондо 93 килограммдан өйдө салмакта күч сынашат. Бою 185 сантиметр. ММА боюнча 12 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. Бокс боюнча спорт чебери.
Бүгүн, 31-майда, мушкер отуз жашка толуп жатат. Мындан улам, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчу тууралуу айрым фактыларды тизмектеп, мелдеш учурундагы видеолорун топтоду.
Үй-бүлөсү
Мыктыбек Мамасалиев 1989-жылы 31-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Атасы Абдимиталип жана апасы Халтажи Мамасалиевдер тогуз баланын ата-энеси (алты кыз, үч уул). Мыктыбек — үйдүн кенжеси.
Жеке жашоосу
Билими
1995-2006-жылдары Шаңкол орто мектебинде билим алган. 2006-2011-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинде окуган. 2013-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алып келет.
Спортко келиши
Мыктыбектин спорт дүйнөсүнө аралашып калышына ыраматылык атасы түрткү берген. Ага атасы жаштайында сыналгыдан мушташтарды көрсөтүп, кызыгуусун арттырган. 14 жашынан тарта бокс менен машыга баштаган.
«Ак аюу» аталып калышы
Бул туурасында Мыктыбек Мамасалиев редакцияга берген маегинде кенен токтолгон. «2008-жылы Чолпон-Атада ММА боюнча Евразия чемпионаты өткөн. Ошол кезде каймана ат менен чыгуу кеңири тарап кеткен. Бокс боюнча машыктыруучум Абдалим Исманов сырткы келбетиме карап «Ак аюу» деген ысымды ыйгарды. Башка дагы аттарды сунуштаган, жактырбай отуруп ушуга токтолгонбуз. Каймана атым өзүмө жагат. Көбү атым Мыктыбек экенин деле билишпейт. Көчөдөн «Ак аюу» кетип баратат деп калышат», — деп айтып берген.
Боксту таштап ММАге өткөн
Мыктыбек Мамасалиев бокс боюнча курама командага кабыл алынып, 2010-жылы спорт чебери наамын алган. Бокс боюнча КРдин эки жолку чемпиону болгон. 2013-жылдары Азия оюндарына барып байгесиз кайткан. Мындан улам карьерасын аралаш мушташтан сынап көрүүнү эп көргөн. Анүстүнө ММА чөйрөсүндөгү достору дагы түрткү болгон. Мамасалиев 12 беттешти утуп, үч ирет жеңилген.
«Ак аюу» бокстан ачылбай кеткенби?
Бокс боюнча машыктыруучу Акжол Ажибеков редакцияга маек берип жатып, бир кездеги окуучусу Мыктыбек Мамасалиев тууралуу айтып берген.
«Мыктыбекти тааныштары мага 2009-жылы алып келишкен. Ал табиятынан физикалык жактан өтө күчтүү адам, бирок бокстан толугу менен ача албай калдык. Мен өзүмдү күнөөлөп, абдан өкүнөм. Ал чемпион, спорт чебери болду, дагы да жарата турчу ийгиликтери көп эле. Абдан аракет кылдым, мындай адамдар болгон нерсесин ичине катат экен да. Кыскасы, жан дүйнөсүн түшүнө албай калдым. Анүстүнө көп балдарды машыктырып, ага өзүнчө убакыт бөлүп сүйлөшө алган жокмун. 2013-жылы эрежесиз урушка кетип калды. Азыр анын беделдүү деген UFC уюмунда ат салышууга мүмкүнчүлүгү жогору» деп айткан.
Октагонго алгач чыкканда эле утулуп.
Мушкер ММАге профессионалдуу түрдө 2014-жылы өтүп, алгач «Алаш прайд» турниринин алкагында казакстандык Умар Янковский менен кармашып, ага муунтуу ыкмасы менен утулуп калган.
Дүйнө чемпиону болгон
Дагы бир маанилүү беттештерине токтолсок. 2015-жылы Молдовада өткөн ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болгон. Молдовалык атаандашы Драгос Зубкону биринчи раундда эле жаак тушка уруп, нокаутка кетирген.
Жылдызы жанган учуру
2016-жылы Мыктыбек Мамасалиев Казакстандагы «Жекпе жек» турниринин алкагында Өзбекстандын айтылуу спортчусу Музафар Раджабов менен кез келет. «Ак аюу» аны дагы биринчи раундда эле жаакка уруп, нокаутка кетирген.
Ушул эле жылы Казакстандагы «Алаш прайд» турнирине катышып, жергиликтүү спортчу Алим Сулейманов менен чыгат. Күрөшкө басым жасаган Сулейманов Мамасалиевди дароо эле жерге жыгып, айласын кетирет. Анткен менен «Ак аюу» аны астыдан кол менен согуп, нокаутка кетирген.
Чет жакта жолу болгон эмес
2016-жылы бир нече беттеш өткөрүп, жылдызы жанып калганда Россиядагы Fight Nights Global уюму менен бир мелдешке келишим түзөт. Бирок бул ирет күйөрмандарына нокаут тартуулай алган эмес. Атаандашы Дмитрий Минаков аны колду кайруу ыкмасы менен уткан.
Жолтоо болгон жаракат
2017-жылы Мыктыбек Мамасалиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде жаракатына байланыштуу учурда мелдешке чыкпай жаткандыгын айтып берген. «Төрт-беш жыл мурун колуман катуу жаракат алып, ал бир жыл мурун гематомага айланган. Адатта денеге сокку урулганда кан уюп отуруп сөөк сыяктуу катып калат экен. Операция кылып алдырганга туура келди. Алты ай спортко аралашкан жокмун. Эки ай мурун Москвада боло турчу беттешке сунуш түшкөндө макулдугумду берип, аз убакыттын ичинде даярдандым. Бирок утулуп калдым. Себеби толук кандуу өзүмө келе элек болчумун», — деп айтып берген мушкер.
Ошол эле жылы Росссиядагы «Охотники за головами» турниринде франциялык Оливье До Унданы техникалык нокаут менен уткан.
Юрий Проценко менен тиреши
2018-жылы Мыктыбек Мамасалиев карьерасындагы маанилүү беттешти өткөргөн. Анын украиналык атаандашы Юрий Проценко «Ак аюуга» чейин өзбекстандык белгилүү мушкер Мурод Хантураевди уткан эле. Ал ортодо Мамасалиев менен Хантураев беттешет деген имиштер тарап кеткен. Демек, кыргызстандык мушкер үчүн бул мелдеш маанилүү болгон. Себеби бардыгына Орто Азияда ким күчтүү экени кызык эле. Бирок көптөн күткөн беттеш жеңиш алып келген эмес. Күрөштөн чабал Мамасалиев Проценкого муунтуу ыкмасы менен утулуп калган.
Карьерасынын жанданышы
«Ак аюу» украиналык мушкерден утулгандан кийин жарым жыл октагонго чыккан эмес. JFC Young Force турниринин алкагында дагы бир украиналык мушкер Владимир Мищенко менен мелдешип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.
Быйыл Алматы шаарында өткөн JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турнири өткөн. Мелдештин алкагында Мамасалиев литвалык атаандашы Раймонд Докус менен кез келип, аны биринчи раунддун 34-секундасында техникалык нокаут менен жеңген.
Редакцияга берген комментарийинде Мамасалиев мындан ары чет өлкөдөгү уюмдарда күч сынашууну пландап жатканын белгилеген.
Спорттон тышкары
Мыктыбек Мамасалиев ишкерлик менен алектенип жан багат. Бош убактысында залга гана барбастан, таза абада ат минип, улак тартканды жактырат.